reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Вагнердин жоокерлери Белорус аскерлерин машыктыра башташты

Son Güncelleme :

15 июля 2023 - 10:17

reklam
Вагнердин жоокерлери Белорус аскерлерин машыктыра башташты
reklam

«Вагнер» менчик аскердик компаниясынын  жоокерлери Белоруссияга келип, Беларустун аймактык коргонуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин окутуп жатышат.  Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Вагнерчилер Осиповичинин (Могилев областы) жанындагы полигондо аймактык аскерлерге  машыгуулары өтүүдө.

«Аскерге чакырылгандар согуш талаасында жүрүү жана тактикалык ок ​​атуу, инженердик даярдык жана тактикалык медицина боюнча билимге ээ болушат. Вагнер ПМКсынын жоокерлери бир катар аскердик дисциплиналар боюнча инструктор болуп иштешкен», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, Орус аскер жетекчилигине каршы 24-июндагы көтөрүлүш тез аяктагандан бир нече күн өткөндөн кийин Вагнердин башчысы Евгений Пригожин жана анын ондогон командирлери Кремлде президент Владимир Путин менен жолугушкан. Кремль 3 саатка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Бирок Путин менен Лукашенко Вагнер Беларуста жаңы база таба аларын айтышкан.

reklam