

Бүгүн, 8-июль Өзбекстанда жымжырттык күнү. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрүлүүдө. Шайлоо алдындагы пропагандага жана агитацияга бүгүн тыюу салынган.
Президенттик жарышка төрт талапкер ат салышууда. Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынан (ХДП) — Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан — Робахон Махмудова, УзЛиДеП жана «Миллий тикланиш» партиясынан — Өзбекстан Республикасынын азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев, Экологиялык партиядан — Абдушукур Хамзаев .
Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоодо добуш берүү күнү Өзбекстандын аймагында жана 39 чет өлкөдө 11 миңдей шайлоо участкасы ачылат. Аларга өлкөнүн 20 миллионго жакын жараны добуш бере алат.