reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.279.243 % -0.522
Соңку кабар
reklam
Google News

Бүгүн  Минск шаарында  II КМШ оюндары башталат

Son Güncelleme :

05 августа 2023 - 9:16

reklam
Бүгүн  Минск шаарында  II КМШ оюндары башталат
reklam

Бүгүн  кыргызстандык 200дөн ашуун спортчу Минскте өтчү II КМШ оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

КМШ оюндарынын салтанаттуу ачылышы бүгүн, 5-август күнү Минск шаарындагы көп тармактуу “Минск-Арена” маданий-спорт комплексинде өтөт.

Иш-чара 14-августка чейин уланат. Ага 24 мамлекеттен 4 миңден ашык спортчу катышат. Жалпы 21 спорттун түрүнөн 1 миң 672 комплект медаль ойнотулат.

КМШ оюндарына Кыргызстандын курама командасы 17 спорттун түрүнөн катышат.

Мелдеш Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Төмөнкү спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өтөт: баскетбол 3*3, бокс, кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, гандбол, көркөм гимнастика, грек-рим күрөшү, каратэ-до, жеңил атлетика, мини футбол, сууда сүзүү, самбо, заманбап спорттун беш түрү, жаа атуу, тайбокс, ок атуу, оор атлетика, дзюдо, волейбол, кум үстундөгү волейбол, кум үстүндөгү футбол, чөп үстүндөгү хоккей.

reklam