Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Ал эркин күрөш боюнча 125 кг чейинки салмак даражада күрөшүп жатат.
Балбан 9-августта 1/8 финалдык баскычта Ирандын спортчусуна жеңилип калган. Ирандык атаандашы финалга чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Кыргызстандык балбан бүгүн, 10-августта ал канадалык Амарвир Дхеси менен беттешет.
Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосун ачты
Ише Авг 10 , 2024
Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарында жаңы бокс ордосу ачылды. Спорт жайынын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, Кыргызстандын бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев катышты. Спорт ордосунун ордунда буга чейин эски спорт залы болуп, жергиликтүү балдар машыгып келишкен. Анда спортчулар үчүн керектүү шарттар жок болчу. Ал эми имарат […]
