2024-жылдын 28-августуна карата балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасында 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда балдардын эң көп саны – Ош облусунда 24 миң 459, Жалал-Абад облусунда 24 миң 80, Чүй облусунда 22 миң 107 бала, Бишкек шаарында 16 миң 738 жана Баткен облусунда 12 миң 110 бала катталды.
Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына кабыл алуу үчүн 6-7 жаштагы балдарды жашаган жери боюнча (иш жүзүндө жайгашкан) онлайн каттоо 30-августка чейин жүргүзүлөт.
“Алтын бутса” сыйлыгы өз ээсин тапты
Шар Авг 28 , 2024
Англия курамасынын капитаны Гарри Кейн Европа футболунун 2023/24 сезонунун жыйынтыгында эң мыкты бомбардир катары сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды. Маалыматка ылайык, 31 жаштагы чабуулчу жыл сайын Европанын улуттук чемпионаттарында эң мыкты бомбардирге ыйгарыла турган Европанын алтын бутсасынын ээси болду. Сыйлык тапшыруу аземинде “Мен өткөн […]
