БУУнун Башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак Россия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдоорун билдирди. Ал Москва менен Вашингтон диалог издөөнү улантат деген үмүтүн айтты.
«Биз Америка Кошмо Штаттары менен Россия Федерациясынын жетекчилигинин бардык сүйлөшүүлөрүн колдойбуз»,-деди Хак маалымат жыйыны учурунда.
23-январда Дональд Трамп Россия президенти менен тез арада жолугушуу каалоосун билдирген. 24-январда, Владимир Путин республикачы менен жолугушууга даяр экенин айтты.
Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш берди
Ише Янв 25 , 2025
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, ылайык, сөгүш президенттин Кытайга жасала турган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирилген одоно катасы жана «мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы» үчүн берилген. “Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо […]
