reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.279.243 % -0.522
Соңку кабар
reklam
Google News

Бишкек милиция башчысы кечирим сурады

Son Güncelleme :

03 апреля 2023 - 14:48

reklam
Бишкек милиция башчысы кечирим сурады
reklam

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциясы өттү. Анда Ногойбаев журналисттерге  буга чейинки билдирүүсү боюнча комментарий берип, кечирим сурады.

«Мен өзүмдүн билдирүүмдө жашы жете элек өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес. Өспүрүмдөр үйүнөн чыгып кетип, сексуалдык зомбулукка кабылган фактылар бар экенин жана эч ким жазасыз калбай турганын айткам. Мен «өздөрү» деген сөздү ката айтып алдым. Туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм»,-деди ал.

Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында өз эрки менен баргандар болгондугун айткан.

reklam