Бишкекте мейманканадан өрт чыгып, 3 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Бишкек шаарынын Ленин районунун Манас көчөсүндө жайгашкан Novotel мейманканасында чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:21де Биринчи Май райондук өрттү өчүрүү бөлумүнөн 1эсеп жана штаб, саат 8:42де Октябрь райондук ӨКМдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган.