Бишкекте төкмө акындардын республикалык айтышы өттү

Автор

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акиевдин 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Айтыш 14 акындын арасында жүрүп, баш байгени Асылбек Маратов илип кетти. Ага 150 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

1-орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу – 120 миң сом;

2-орунду Мамбеттокто Мамбеторозо – 100 миң сом;

3-орунду Баян Акматов алды – 80 миң сом.

Ал эми айтышка катышкан калган 10 акын 45 миң сомдон кызыктыруучу сыйлык катары акчалай байге менен сыйланды.

Акчалай сыйлыктан сырткары акындарга президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Жумгал райондук администрациясынын атайын сыйлык жана ардак громаталары тапшырылды.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Эске сала кетсек, жалпы байге фонду 1 млн сомду түзгөн аталган айтыштын тандоо туру 15- ноябрда Бишкекте өткөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Илон Маск Израилге келди

Америкалык ишкер Илон Маск Израилге келди. Ал Тель-Авивге жеке учак менен учкан. Маск буга чейин премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолугуп, Израилдин президенти Исхак Герцог жана согуш кабинетинин министри Бенни Ганц менен сүйлөшүүнү пландап жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Сапардын алкагында Газа тилкесинде барымтага алынгандардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү менен «жабык эшик артында […]

Сизге жагышы мүмкүн