Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Автор

Бүгүн, 7-декабрда Бишкекте азык-түлүк жарманкеси уюштурулат. Жарманке эртең 8-декабрда дагы уланат. Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте уюштурууда.
Жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.
Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү жана Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Салык кызматынын төрагасы жана анын орун басары 20-январга чейин камакта калат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Сот тарабынан Абдувапов жана Кыдыргычовго карата 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алуу чечимин кабыл алды. Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек […]

You May Like