reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Белгилүү модельер Валентин Юдашкин көз жумду

Son Güncelleme :

03 мая 2023 - 10:34

reklam
Белгилүү модельер Валентин Юдашкин көз жумду
reklam

Мода дизайнери Валентин Юдашкин көз жумду. Юдашкин 59 жашта болгон.
2016-жылы дизайнерге бөйрөк рагы, андан кийин башындагы метастаздар диагнозу коюлган. Ошондон бери ал дарыланып жаткан.
Юдашкин 1963-жылы 14-октябрда Москванын жанындагы Одинцоводо төрөлгөн. 1986-жылы Москва индустриалдык техникумун бүтүргөн.
Валентин Юдашкин эмгек жолун 1980-жылдары баштаган. Анын биринчи коллекциясы 1991-жылы Парижде тартууланган.
1994 жана 1996-жылдары Россиянын олимпиадалык курама командасынын, 1999-жылы аялдар жана эркектердин футболдук командаларынын костюмдарынын дизайнын жасаган.
2012-жылы Владимир Путиндин ишенимдүү адамы болгон. 2012-жылдын февраль айынан тарта Россиянын бий спорт союзунун президенти кызматын ээлеп, ошол эле жылы «Стиль жана мода» телеканалынын башкы редактору болгон.
Россиянын Эл артисти (2005), Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1999) наамдарына ээ болгон.

reklam