Абу Дабиде 24 жаштагы Цви Коган аттуу Молдованын жана Израилдин жаранын өлтүргөндөр Түркияда кармалышты. Ал Еврей улутунан болгон. 4 жылдан бери аталган шаарда дүкөн иштетип жаткан. 24-ноябрь күнү Абу-Дабиге 150 км узакта анын сөөгү табылган эле.
Анын өлүмүнө шек саналып, Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Алар 28 жаштагы Олимбай менен Махмуджан, 33 жаштагы Азизбек.
Алар Цви Коганды өлтүргөндөн кийин Түркияга качышкан. Түрк коопсуздук кызматы шектүүлөрдү алдын ала аныктап, алар минген учакты көзөмөлгө алышкан. Шектүүлөр аба майданынан чыгып, таксиге отурганда гана кармашкан. Ошол эле күнү БАЭге өткөрүп беришти.
Укук коргоочу Надежда Атаева мындай окуя Борбор Азия элдеринин кадыр баркына доо кетиргенин айтып, визасыз жүрүү эркиндигинен кол жуудурушу мүмкүн деп ойлойт.