reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 742.658 % -0.318
Соңку кабар
reklam
Google News

Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек

Son Güncelleme :

15 апреля 2023 - 10:02

reklam
Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек
reklam

Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара урушунда талкаланган үйлөрдү куруу, Баткен районунун аймагындагы инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоо жана социалдык объектилерди оңдоо маселесин каралып жатканда белгилүү болду.

Жыйында мамкурулуштун директорунун орун басары Азирет Акимов  учурда Баткен облусунда 417 үй курулуп жатат, анын 316сы Баткен районунда, жүзү Лейлек районунда жана бир үй Баткен шаарында курулушу аяктап жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал 332 үйдүн бүткөнүн, 60 үйдүн ички дубалы тургузулуп жатканын, 18 объекттер чатыр жасалып жатканын кошумчалады.

Депутаттар калган үйлөрдүн курулушу качан бүтөөрүн сурашканда, Акимов бүтүрүү мөөнөтү 1-майга жылды деп жооп берди.

reklam