Баткенде 3 га жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Автор

Баткен облусунда жалпы аянты 3 гектар жер тилкенин ээси өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы бул жер тилкеси 2018-жылы мыйзамдарды бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.
УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандын калкы 20 миллионндон ашты

2025-жылдын 1-январына карата Казакстандын калкы 20 286 084 адамды түздү. Бул маалыматты Казакстандын Улуттук статистика бюросу жарыялады. Шаар калкы – 12 774 743 адам (62,9 пайыз), ал эми айыл калкы – 7 511 341 адам (37,1 пайыз). Жалпы калктын ичинен 10 373 918и аялдар (51,1 пайыз), ал эми 9 912 […]

You May Like