Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар талкууну улантып, калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.
Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин келээрки жумада Тажикстандын аймагында боло турган кезектеги жолугушууда улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.
Баткенде 55 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Дүй Авг 19 , 2024
Раззаков шаарынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкесин мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды. Учурда бул […]
