“Барселонанын” спорттук директору Деко “Аль-Хилал” клубунун чабуулчусу Неймардын келечеги тууралуу кептерге комментарий берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, 32 жаштагы бразилиялык футболчу өзүнүн жылдыздуу карьерасы башталган туулуп өскөн Сантос шаарына кайтып келүүнү ойлонуп жатат. Журналисттердин “Барселона” Неймарды Каталонияга кайра алып келе алабы деген суроосуна Деко өз ойлорун бөлүштү.
“Неймардын “Барселонага” кайтып келүүсү тууралуу кеп-сөздөр ар дайым алыс болгон. Биз билебиз, ал Сауд Арабияга өткөндөн бери ал абдан кымбат оюнчу болгон.
Неймар формада турган дүйнөнүн эң күчтүү футболчуларынын бири. Ал каалаган клубда тосуп алмак. Эч нерсени жокко чыгарууга болбойт, бирок ал азыр Бразилияга кайтып келет деп ойлойм. Эң негизгиси кайра футбол ойношу керек. Бул ага да, башкаларга да кубаныч тартуулайт. Анын кандай пландары бар экенин билбейм, бирок эң негизгиси ал бактылуу», – деп айткан Деко.
Эске салсак, Неймар «Барселонада» төрт сезон ойноп, 2017-жылы рекорддук 222 миллион еврого ПСЖга өткөн.
Бразилиялык футболчу “Аль-Хилалда” 2023-жылдын августунан бери ойноп келет. Анын саудиялык клуб менен келишими 2025-жылдын июнуна чейин түзүлгөн.