reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

«Балыкчы — Кочкор» темир жолун куруу уланууда

Son Güncelleme :

29 сентября 2023 - 14:48

reklam
«Балыкчы — Кочкор» темир жолун куруу уланууда
reklam

«Балыкчы-Кочкор» темир жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн. Жумуштар толугу менен «Кыргыз темир жолу» МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

2023-жылга 15 км курулушу пландалып, анын ичинен 11 км төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү, калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулушунун башталышына старт берген. «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» (186 чм) долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы — узундугу 63 чакырым болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун участогун куруу саналат.

reklam