reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Балбан кыздар Азия чемпионатынан кайтып келишти

Son Güncelleme :

14 апреля 2023 - 9:27

reklam
Балбан кыздар Азия чемпионатынан кайтып келишти
reklam

Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынан кайтып келишти.

Спортчуларды 13-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы курамасы Азия чемпионатында үч медаль уткан:

 

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);

2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);

3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

reklam