1. Байкал – планетабыздагы эң таза, эң терең, эң чоң тузсуз көл болуп саналат.
2. Көлдүн максималдуу тереңдиги болжол менен 1640 метрди түзөт. Бул беш Эйфель мунарасына туура келет.
3. Бул тереңдикти дүйнөгө белгилүү дарыялардын суулары менен толтуруу үчүн: Волга, Дон, Днепр жана Енисей, Урал, Обь, Ганг, Ориноко, Амазонка, Темза, Одер Байкалга 1 жылдан ашык тынымсыз агып турушу керек.
4. Байкал дүйнөдөгү эң тунук көл. Космостон Байкал түбүнүн рельефи 500 метр тереңдикте көрүнөт.
5. Көлдөгү суунун запасы 23,6 миң куб километрден ашат. Эгерде бул суунун баарын кадимки литрлик бөтөлкөлөргө куюп, катар тизип койсо, алар экватордо жер шарын 58 миллиондон ашык жолу айланып чыгышат.
6. Кышында Байкал 2 метрден ашык муз менен капталган, муз жарылып кеткенде анын үнү күн күркүрөгөндөй болот.
7. Бүгүн Иркутск облусунда Байкал күнү белгиленип жатат.