Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылары эскертилди

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгыларын эскертет.
Министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында текшерүү иштери үзгүлтүксүз улантылып жатат.
Транспорт департаменти өлкөнүн өнүгүшү үчүн стратегиялык, социалдык, экономикалык мааниге ээ болгон жолдор аркылуу оор жүк ташыган унаалардын ашыкча жүгү аныкталса тиешелүү протоколдор толтурулуп, анын негизинде айып пулдар салынарын эскертет.
Белгилей кетсек, транспорттук көзөмөл бардык аймактык башкармалыктар тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер инистрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-декабрда Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө 4 миң доллар сунуштагандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын […]

You May Like