Бишкек – Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкүлөр артиллериялык куралды колдонуу менен түшүрүлөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө жолдо маал-маалы унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилип турат.
Учурда атып түшүрүү иштерин утурлай тиешелүү министрликтердин кызматкерлери тарабынан даярдыктар көрүлүүдө.
Казакстан AZAL учагы боюнча маалыматтарды Россия менен Азербайжанга өткөрүп берди
Жум Янв 24 , 2025
Астана AZAL компаниясынын учагына тиешелүү кара кутулардан чечмеленген маалыматтарды Москва менен Бакуга өткөрүп берди. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри, авиакырсыкты иликтөө боюнча комиссиянын башчысы Канат Бозумбаев билдирди. “Маалыматтар чечмеленди, Казакстанга кайтарылды жана башкы прокуратуранын көзөмөлү алдындагы тергөө тобунда турат. Алар менен бардык адистер иштеп жатышат. Азыр бул кутулардын көчүрмөлөрү Азербайжан тарапта […]
