Ашуулардагы абал айтылды

Автор

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөнүн ашууларындагы абал тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, учурда Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда бороон болуп, жол тынымсыз тазаланууда. Аймакты караган Жол тейлөө ишканасы түнү менен тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштерин аткарышты. Азыркы тапта да кеңейтүү жумуштары жүрүүдө. Жол ачык.
Ошондой эле өлкөнүн башка ашуу жана жолдорунда каттам бар. Жолчулар тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасы чачылып жатат.
Транспорт министрлиги кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Жаңы Эмгек кодекси

Министрлер кабинети “2025-жылы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” токтомун күчүн жоготкондугу жөнүндө документ кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы Эмгек кодекси боюнча эми иш күнүн ишембиге которууга болбойт. Жаңы жылдык каникулдар 1-январдан 6-январга чейин, май майрамдары 1-9-майга чейин деп белгиленди. 23-февраль – […]

You May Like