Аткезчилик менен жылан алып баратып кармалды

Аткезчилик менен жылан алып баратып кармалды

Кытайда аткезчилик менен жүргөн жүргүнчү кармалды.  Ал чөнтөктөрүнө 14 тирүү жыланды салып алган.  Бажы кызматкерлери ал кишинин тынчсызданып, алардан көзүн ала качканын байкашкан.
3 жылан сейрек кездешүүчү падышалык питондор болуп чыкты.  Ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берүүнүн алдында алар контейнерлерге салынган.
2017-жылдагы отчетко ылайык, Кытайда миллионго жакын адам экзотикалык үй жаныбарларына ээ.  Мыйзам боюнча өлкөгө кирип-чыккан жаныбарлар алгач карантинге алынып, текшерүүдөн өтүшү керек.

Бөлүшүү: