Астананын тургуну маршруттук автобустун айдоочусуна калемпир баллонун чачып жиберди деп билдирди. Окуя күндүзү Ш. Калдаяков көчөсүндө болгон.
Kia унаасынын айдоочусу аялдамага жетип калган автобустун жолун торогон. Машинадан чыгып, автобустун айдоочусуна жакын келип, калемпир баллонун чачып жиберген. Андан кийин качып кеткен.
Полиция 37 жаштагы кишини кармап, унаасын коммуналдык токтоочу жайга жайгаштырды.
Бузукулук кылганы үчүн соттун чечими менен 10 суткага камакка алынды.
Жарым жылда Баткен облусуна жалпы 241,3 млн сом бөлүндү
Шар Июл 10 , 2024
Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 6 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 240,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды. Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен: теңдөөчү трансферт – 169,3 млн сом; айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 26 млн сом; электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,9 млн сом; Мындан тышкары, […]
