reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Аптанасаат: Эне жөнүндө сөз

Son Güncelleme :

22 сентября 2023 - 10:49

reklam
Аптанасаат: Эне жөнүндө сөз
reklam

Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылган эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн менен баарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан “Эне” деген сөз “Жарык күн” деген маанини туюндуруп келет.

Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрмандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш келгендей боломун. Кыялымдан шашкалактап күрү-күү түшкөн турмуш агымы оолактап кетет. Кандайдыр бир түбөлүктүү дүйнө менен баарлашып калгандай сезем өзүмдү.  Ылайым, балпайган  ак чач энелер жергебизде көп болсо экен.

Эгемберди Эрматов

 

Эне сыйлаган элине жагат:

Бейиш энелердин таманында (Хадис)

Эне — ажалга дайыма каршы (М.Горький)

Эне бар кезде балалыктан арылуу жок (С. Жейет)

Улуттун келечеги энелердин колунда. (О. Бальзак)

reklam