АКШнын энергетика министри Крис Райт эгерде бул жаңжалды жөнгө салууга жардам берсе Вашингтон Украинанын атомдук электр станцияларын (АЭС) башкарууга даяр экенин билдирди. Ал станцияларды башкаруу үчүн Америка аскерлерин Украинага жөнөтүүнүн зарылдыгы жок экенин баса белгиледи.
«АКШнын бул станцияларды башкаруу боюнча чоң техникалык тажрыйбасы бар. АКШнын Украинанын атомдук электр станцияларын башкаруусу пайдалуу болсо, эч кандай маселе жок. Биз муну кыла алабыз»,-деди Крис Райт Fox News телеканалына берген маегинде. Ал кошумчалагандай, Дональд Трамптын администрациясында бул маселе азырынча талкуулана элек.
