reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

Алтын валюта кору боюнча дүйнөдө бешинчи болду

Son Güncelleme :

07 августа 2023 - 11:37

reklam
Алтын валюта кору боюнча дүйнөдө бешинчи болду
reklam

Россиянын алтын-валюта кору  май айында 11,6 миллиард долларга азайып, 584,2 миллиард  долларга жеткен. Москва эң ири эл аралык активдери бар экономикалардын ичинен Индияга төртүнчү орунду алдырды.

Индия менен Россия 2015-жылдан бери бул көрсөткүч боюнча атаандашып келет. 2022-жылы Москва Индиянын 532 миллиард долларына карата 540 миллиард доллар активдери менен төртүнчү орунга чыккан. Май айында Индия дагы 590,7 миллиард доллар активдери менен төртүнчү орунга жетти.

Кытай эл аралык резервдер боюнча өзүнүн узак мөөнөттүү лидерлигин сактап калды. Май айынын аягында өлкөнүн активдери 3,371 триллион долларды түздү. Экинчи орунда 1,254 триллион доллар кору менен Япония, үчүнчү орунда 886 миллиард доллар активи менен Швейцария турат. Алдыңкы ондукка  Сауд Арабиясы, Гонконг, Түштүк Корея, Бразилия жана Сингапур кирди. Германияны 11-орунга жылса, 12-орунда АКШ турат.

reklam