reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

Алматыда өрттөнгөн үйдү куруучулары калыбына келтирүүгө убада берди

Son Güncelleme :

03 августа 2023 - 14:05

reklam
Алматыда өрттөнгөн үйдү куруучулары калыбына келтирүүгө убада берди
reklam

Алматыда Аккент кичи районундагы өрт чыккан турак жай комплексин куруучулар үйдү калыбына келтирүү иштерин өз эсебинен жүргүзүүгө убада берди.

«Биз үйдү калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды өз мойнубузга алууга даярбыз», — деди курулуш компаниясынын башкы директору Канат Ералиев турак жай комплексинин жашоочулары менен жолугушууда. Ошондой эле курулушчу маркум Асел Бекмухаметованын үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү батир берилерин кошумчалады.

Көп батирлүү турак-жай 2017-жылы пайдаланууга берилген. Маалым болгондой, имаратта 2015-жылы чыгарылган Mitsubishi маркасындагы лифттер орнотулган. Лифттер акыркы жолу ушул жылдын 27-июлунда техникалык кароодон өткөн.

Аккент кичи районундагы өрт 1-август күнү кечинде башталган. 1-кабаттан 16-кабатка чейин электр кабелдери күйгөн. 300 адам эвакуацияланган. Жардам күткөн тургундардын көбү балдары менен терезеден секирип кетишкен. Өрттүн кесепетинен 43 адам жабыркап, бир аял жаракаттардан улам көз жумган.

reklam