Бишкектеги борбордук Ала-Тоо аянтында бүгүн, 31-августта 100 метр болгон жаңы флагштогдун туусу салтанаттуу көтөрүү аземи өттү.
Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.
Салтанатка президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка жетекчилер катышты.
Эскерте кетсек, желектин узундугу 33 метрди түзөт.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Ише Авг 31 , 2024
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Ала-Тоо аянтындагы жаңы мамлекеттик желекти көтөрүү салтанатында кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады .Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Урматтуу мекендештер! Эгемендигибизди даңазалоого катышып олтурган кадырлуу аксакалдар! Улуттун улуу күнүн белгилөөгө келген кымбаттуу меймандар! Биз эркиндиктин жана өз алдынча өнүгүүнүн баасын-баркын билели, аны аздектеп сактайлы, кийинки […]
