reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

Алайда 150-орундук заманбап мектеп курулууда

Son Güncelleme :

07 июля 2023 - 14:34

reklam
Алайда 150-орундук заманбап мектеп курулууда
reklam

Алай районунун Сары-Таш айылында 150-орундук заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

 

Маалыматка ылайык, облустун жетекчиси Эльчибек Джантаев Сары-Таш айылында курулуп жаткан №39 орто мектептин имараты менен таанышты.

 

«Алыскы аймактарды заманбап билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу балдарга район борборлоруна баруунун зарылдыгын болтурбай, өз айылдарында сапаттуу билим алууга мүмкүндүк берет. Келечек ээлерине заманбап шарттарда сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү өлкө башчыбыздын программасынын негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп айткым келет. Ошондуктан курулуштун сапатын, мөөнөтүн тыкыр көзөмөлдөп, мугалимдердин балдарга сапатту билим берүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү иштерине кайдыгер болбой, өз милдеттерибизди так аткаралы», — деди Джантаев.

Учурда айылда 559 кожолук катталып, 2248 адам жашайт. Бирок 1986-жылы фин стилинде курулган №39 орто мектептин эски имараты жараксыз болуп, акыркы жылдары пайдаланылбай калган.

 

Бул көйгөйдү чечүү үчүн республикалык бюджеттен 118.4 млн сомду түзгөн. Курулуш боюнча 86.9 млн сомго тендерди утуп алган  «Эрбол Строй Сервис» ЖЧКсы курулуш иштерин аткарууда.

reklam