reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Алайда сел алган айылда өзгөчө кырдаал киргизилди

Son Güncelleme :

23 июня 2023 - 14:15

reklam
Алайда сел алган айылда өзгөчө кырдаал киргизилди
reklam

Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүнө селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 21-июнь күнү кечке жуук аймакта катуу жаандан кийин сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын, 3 социалдык объектинин (1 мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум шагыл аралаш сел суулары каптаган жана бир электр мамысын сел агызып кетип, электр берүү убактылуу токтотулган. Сопу-Коргон — Терек ички чарбалык жолунун 7 чакырымында 3 тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Бүгүн, 23-июнда саат 07:30да селдин кесепеттерин жоюуга Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тактоо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Алай райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

reklam