АКШнын президенти Нооруз майрамы менен куттуктады

АКШнын президенти Нооруз майрамы менен куттуктады

АКШнын Ак сарайынын сайтына Нооруз майрамына арналган куттуктоо жарыяланды. АКШ президенти Дональд Трамп Нооруз майрамын белгилеген бардык адамдарды куттуктады.
“Нооруз – перс эли үчүн кубанычтуу окуя. Жаздын башталышын жана перс Жаңы жылын билдирет. Бул эзелки салт өткөн жылдагы берекелер тууралуу ой жүгүртүү жана жазды жаңыланган оптимизм руху менен тосуп алууга даярдануу убактысы.
Перс эли өзүнүн жаркын маданияты жана математика, илим, юриспруденция, технология жана искусство сыяктуу тармактардагы өзгөчө таланты менен коомго чоң салым кошуп келет. Америка Кошмо Штаттарынын атынан мен бул кубанычтуу майрамга байланыштуу эң жакшы каалоолорумду билдирем”,-деп айтылат президенттин атынан тараган билдирүүдө.

Бөлүшүү: