reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Son Güncelleme :

22 сентября 2023 - 9:10

reklam
Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына жолдомо алды
reklam

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов   Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан.  Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Эми 22-сентябрда алтын байге үчүн азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешет. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Учурда Кыргызстандын эсебинде жалпы төрт жолдомо бар. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова да жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

reklam