“Азия оюндары-25”: Кыргызстандык хоккейчилер мелдешти жеңиш менен баштады

Автор

Кыргызстандык хоккейчилер Кытайда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарындагы биринчи беттешин жеңиш менен баштады. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында айтылат.
Кыргызстандык спортчулар 3-февралда болгон алгачкы оюнунда Кувейттин курамасы менен кез келип, 9:8 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстандын хоккей курамасы бул мелдеште Сингапур, Бахрейн, Кувейт менен бир тайпага түшкөн. Кийинки беттешин 5-февралда Бахрейнге каршы өткөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Чечейбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. […]

You May Like