Элмирбек Иманалиевдин  обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт

Wp Pw
0 0
Read Time:21 Second

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 20-апрелде Улуттук тарых музейинде өтөт. Башталышы саат 15:00.

Иш-чарада төкмө акындын обондору ырдалып, ырлары окулат, ошондой эле сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.

Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын апрель айында 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

СССРдегидей студенттерди армияга чакыруу сунушталды

Беларуста жогорку билим алган студенттерди аскерге чакыруу идеясы каралышы керектигин өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин статс-катчысы Александр Вольфович университеттердин жетекчилери менен жолугушууда билдирди. Ал жогорку окуу жайлардын ректорлоруна Советтер Союзундагыдай студенттерди армияга чакырып, бул жагын карап чыгууну, алардын ой-пикирин, сунуштарын айтууга чакырды. Бул маселени Беларустун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырды.