Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдугу жарык көрдү

Wp Pw
0 0
Read Time:39 Second

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларынын 15 томдук жыйнактар китебинин бет ачары өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, бир катар коомдук ишмерлер, белгилүү маданият өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара тек гана китептин бет ачары эмес, өткөнгө өтүп, келечекке өсүп келе жаткан жашоонун бет ачары экенин белгиледи.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков  Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышкан.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т. Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болгон.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

«Баткен» аэропорту убактылуу жабылды. Себеби

«Баткен» аэропорту 1-апрелден тарта оңдоо-калыбына келтирүү иштери башталгандыгына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, аэропортто аэродромдун элементтерин оңдоо, учактарды токтотуучу жайларды жана перронду кеңейтүү иштерин жүргүзүүнүн II этабы жүрүп жатат. Оңдоо иштерин айдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. «Манас» эл аралык аэропорту келтирилген […]