Суу ташкынынан кундуздар сактады

Wp Pw
0 0
Read Time:26 Second

Түндүк Йоркширдеги Пикеринг шаарын бороон-чапкындан улам суу каптоо коркунучу болгон. Аны кундуздардын үч жыл ичинде курган плотина сактап калды.
Шаарда болгону 7 миң адам жашайт. Алар көбүнчө суу ташкындарынан жапа чегишчү. Жергиликтүү бийлик күчтүү тосмону курууга каражат жетишсиз экенине өкүнүп жүргөн.
Көп өтпөй дарыянын жанындагы Пикерингге жакын жерде кундуздардын үй-бүлөсү отурукташкан. Жаныбарлар үч жыл бою дөңгөчтөрдү, калың бутактарды сүйрөп келип дамбаны курушту. Анын узундугу 70 метрге жакын.
Бул бүткүл өлкөдөгү эң чоң кундуз плотинасы.
Экологдордун айтымында, курулуш чындап эле конуштан ашыкча суунун нугун бурууга жардам берет.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Азия кубогунун жана тайпалык баскычтын чүчүкулак кармоо датасы белгилүү болду

Футбол боюнча Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катардын Доха шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнирди финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн Азиянын 24 командасы катышат, анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Командаларды бөлүштүрүү боюнча чучкулак кармоо үстүбүздөгү жылдын 11-майында Дохада өтөт. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук курама […]