Сербиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Wp Pw
0 0
Read Time:20 Second

Сербия Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич бүгүн, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

«Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тосуп алды.

 

Сапардын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо максатында КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин серб кесиптеши менен жолугушуусу болот.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Ленин округу боюнча шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны жетиге жетти

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 7ге жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, БШКга 28-майда өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети […]