Салбуурун боюнча республикалык оюндар өтөт

Wp Pw
0 0
Read Time:24 Second

Ысык-Көл облусунда салбуурун боюнча республикалык  оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюн 22-24-апрель күндөрү Тоң районунда өтүп, ага бардык аймактардан келген спортчулар катышат.

Мелдештин жүрүшүндө бүркүт салуу, ителги менен ылаачынды далбага ойнотуу, жөө жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, тайган жарыш боюнча оюндар болот.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 370 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Салбуурун федерациясы тарабынан уюштурулууда.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Быйыл Кыргызстанга 10 млн турист келери күтүлүүдө

2023-жылы Кыргызстанга 10 миллионго чейин турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Маданият министрлигинин Туризм департаментинин директору Самат Шатманов билдирди. Шатмановдун айтымында, бул өткөн жылга салыштырмалуу 45%га көп. Былтыр  өлкөгө 6.9 млн турист келген. Бирок бул бир гана чет элдик коноктордун саныбы же бул Кыргызстанда […]