Садыр Жапаров Бишкектин жашоочуларын жана конокторун куттуктады

Wp Pw
0 0
Read Time:2 Minute, 4 Second

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата борбор калаанын жашоочуларын жана конокторун куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

 

«Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Ардактуу ордо калаа тургундары!

 

Кадырлуу меймандар!

 

Бүгүн жалпы кыргызстандыктар, алыс-жакында жүргөн мекендештер кубана турган маанилүү күн – эгемендүү Кыргызстаныбыздын ордо калаасы Бишкек шаарынын күнү.

 

Баарыңыздарды Бишкек шаарынын күнү, борбор калаабыздын 145 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

 

Адегенде Пишпек, кийин Фрунзе аталган борборубуз өлкөбүз эгемендүү, демократиялуу өлкө деп жарыялангандан тарта кайра тарыхый аталышына расмий түрдө ээ болгону баарыбызга жакшы маалым.

 

Совет мезгилинде баш калаабыз баардык тарабынан бак-даракка бөлөнүп, “жашыл шаар” макамы менен даңкы далайга угулган. Ал эми дүйнө жүзүндө “мрамор шаар” аталган ажайып шаарлардын катарында Бишкектин дагы аты аталышы, албетте, жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык! Ордо калаабыздын мындай эл аралык коомчулук оозанган татыктуу сый-урматка жетүүсүнө мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин зор эмгегин белгилеп айтып кетпесек болбос.

 

Ошентип 145 жылды артка таштаган тарыхында алгач жүздөн ашык боз үйдү эсепке албаганда болгону 752 там жайгашкан бул аймак бүгүнкү күндө миллиондон ашуун калкты батырган берекелүү шаарга айланды.

 

Ушу тапта Бишкек шаары Кыргызстандын булуң-бурчундагы жарандарыбызды кайра-кайра келүүгө дегдеткен сүйүктүү шаары, аяк басып, астанасын аттаган меймандарды жайда салкын, кышта жылуу абасы менен арбаган жагымдуу жайы болуп калды.

 

“Туулган жер ата-бабалардан калган олжо эмес, ал – биздин балдарыбызга өткөрүп бере турган ыйык карыз” деген акылман кепке кулак төшөй турган болсок, ата-бабаларыбыз бизге өткөргөн мурасты – туулган жерди, айрыкча, анын борбор шаары Бишкекти биз дагы кийинки муунга “жашыл шаар”, “мрамор шаар” бойдон сактап, көркүнө көрк кошуп өткөрүп беришибиз парз!

 

Мына ошондуктан, шаарыбыздын архитектуралык келбетин, инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө маани беришибиз абзел.

 

Бүгүнкү күндө бульварлар, парктар, ботаникалык бакчалар менен катар маданий жана соода борборлору ачылып, эстеликтер орнотулуп, тарыхый жайларды изилдөө колго алынууда. Маселен, биздин замандын V-VI кылымдарына таандык байыркы Жүл (Джуль) шаар калдыктарынын ордунда археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат.

 

Ошондой эле шаар калкы менен меймандардын эс алуусуна, экологиялык абалын жакшыртууга шарттарды түзүү максатында бир катар сейил бактары колдонууга берилип, оюн-зоок борборлору, вело жолдорду куруу улантылууда. Ушундай ыргактан жазбай, кылым карыткан тарыхы бар эгемендүү өлкөбүздүн ордо калаасын дүйнөнүн гүлдөгөн шаарларынын катарына кошууга бар аракетибизди көрөбүз!

 

Урматтуу мекендештер!

 

Кыргызстандын жүзү, мамлекеттин жүрөгү болгон Бишкек шаарынын күнү менен дагы бир жолу куттуктаймын!

 

Ар бир кыргызстандыкты жаркын келечекке жетелеген, ой-тилектерин ишке ашырууга дем берген, баарын кучагын жая тосуп алган борбор калаабызды сүйө билели, сүрөй билели!

 

Борбор шаарыбыздын көркүнө көрк кошулуп, күндөн күнгө кулпура берсин!».

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай?

Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай? Бул соболго атайын адистер жооп беришти. ооруган, жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө; ийне аркылуу баңгизат колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда; стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн […]