Роналду менен Жоржина ажырашканы жатат

Wp Pw
0 0
Read Time:30 Second

«Аль-Наср»  клубунун португалиялык чабуулчусу  Криштиану Роналду менен анын сүйүктүүсү Жоржина Родригес ажырашып кетиши мүмкүн. Футбол жылдызы  сүйлөшкөн кызынын жүрүм турумуна нааразы экендиги айтылууда.

Чет элдик спорт басылмалары  Роналду өзүнүн сүйүктүүсүнүн  жашоо образына нааразы экендигин жана  Жоржина Родригес соода борборлорунда өтө көп убакыт өткөрүп жаткандыгын жазышууда.

Атактуу футболчу “Жорджина ар дайым болгон  күнүн соода борборлорунда өткөрөт. Анын эч нерсе кылбай эртели –кеч соода кылганы тажатып жатат”, – деп айтканын жар салышты.

Эске салсак, 2016-жылдан бери футболчу модель Жоржина Родригес менен мамиледе болгон.  Бирок жубайлар азырынча расмий никеге тура элек. 2017-жылы  Алана, 2022-жылы Белла аттуу кыздуу болушкан.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Бүгүн Бишкекте бош орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт

Бүгүн, 28-апрелде Бишкекте бош иш орундар жана кесиптер жармакеси өтөт. Анда 6 миңден ашуун орун сунушталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык,  жарманкесинде 10 университет, 20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлор адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет. Айрыкча маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, […]