Президент дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Wp Pw
0 0
Read Time:1 Minute, 25 Second

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

 

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

 

“Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери!

 

Өлкөбүздө дене тарбия жана спорт – мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн башкы багыттарынын бири болуп келген жана болуп кала берет. Бүгүнкү күндө бул тармакта миңдеген адистер иш алып барууда. Албетте, спорттун өнүгүшүнө жана эл аралык аренада жогорку жетишкендиктерге жетишүүдө алардын салымы зор.

 

Дал ушул дене тарбия менен спорт адамдын сергек жашоого умтулуусуна шык-дем берип, бардык коюлган максаттарга жетүү үчүн темирдей эркке тарбиялайт, жумурай журттун башын бириктирүүгө, улуттун саламаттыгын сактоого өбөлгө болот.

 

Эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байрагыбызды бийик желбиреткен спортчуларыбыздын аркасы менен акыркы жылдары республикабыздын булуң-бурчунда активдүү жашоо образын тандаган, спорт менен машыккандардын саны өстү. Булардын баары спорт тармагында иштеген, өз ишин так билген жана чын жүрөктөн сүйгөн кызматкерлердин талбаган эмгегинин үзүрү деп баса белгилеп кетейин.

 

Белгилүү болгондой, спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү деп билебиз. Ошондуктан, бүткүл республика боюнча спорт тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү башкы максатыбыз катары карайбыз.

 

Элибиздин намысына бекем туруп бере турган уул-кыздарыбызга эл аралык спорттук аренада ийгиликтерди жаратуусуна зарыл шарттары түзүлөт, Парижде өтүүчү Жайкы олимпиада оюндарына лицензия алууга даярданып жаткан спортчуларыбыз ар тараптуу колдоого алынат.

 

Дени сак улутту түптөөдө дене тарбия менен спорт тармагын мамлекеттик колдоого алуу абдан маанилүү. Жан дүйнөсү нарк-насилге толгон, адеп-ахлактуу, билимдүү, күч-кубаттуу, сергек жашоону туу туткан жаш муунду калыптандырып алсак, биз сөзсүз бакубат өлкө курууга жетишебиз. Мында, дене тарбия жана спорт кызматкерлери, албетте, сиздердин күч-аракетиңиздер өтө маанилүү.

 

Урматтуу дене тарбия жана спорт кызматкерлери, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, чың ден соолук, спорттогу чыдамкайлык, жеңиштерди багындырууда өжөрдүктү каалайм”.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Путин менен Лукашенко айлык маянаны айтып, тамашалашты

Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Москвадагы жолугушуусунда айлык маянасы боюнча тамашалашты. Кучакташып, кол алышып учурашкандан кийин Беларусь президенти “Чарчаган президент! Каякты карап жатасыз”,-десе Путин «Жакшы эле! Дагы бир аз иштешибиз керек. Айдын аягында, айлык. Кассага барабыз. Айлыкты акташ керек”,-деди.