Мырзалардын этика эрежелери

Wp Pw
0 0
Read Time:1 Minute, 3 Second

Мырзалардын этика эрежелери

  1. Эркек көчөдө айымдардын сол жагында жүрүшү керек. Ал эми оң жагында аскердик саламдашуу кыла турган гана аскер кызматкери жүрө алат.
  2. Айымдар ылдый түшүп же чалынып баратса колдон алуу керек. Ал эми адатта эркектердин колдон кармап алышын айымдар чечет.
  3. Айымдардын жанында алардан уруксат сурамайын чылым чегүүгө болбойт.
  4. Имараттардын кирип, чыгышында эркектер сөзсүз эшикти биринчи ачып, айымдардын аркасынын басышы зарыл.
  5. Ал эми тепкичтерден чыгып же түшүп баратканда айымдардын коопсуздугу үчүн этият кылуусу керек. Сөзсүз, артында же алдында карап басат.
  6. Лифтке адегенде эркек кирет. Ал эми чыгып баратканда сөзсүз айымдардын артынан чыгууга милдеттүү.
  7. Ал эми автоунаадан адегенде эркек чыгып, жүргүнчү отурган жерге барып, эшигин ачат. Ошол эле учурда айымдын түшүүсүнө жардам берет. Эгерде экөө тең такси жүргүнчүсү болуп калышса анда унаанын арткы салонуна отуруулары керек. Анда дагы алгач айымдарды отуругузуп анан өзү отурууга милдеттүү.
  8. Имаратка киргенде эркек айымдардын сырткы кийимин чечүүгө жардамдашат. Ал эми чыгып баратканда кийимдерин алып берүүсү зарыл.
  9. Коомдук жайларда айрыкча транспортто сөзсүз айымдарга орун бошотуп берүү керек.
  10. Эреже боюнча эркектер айымдар менен болгон жолугушууга кечикпеши керек. Тескеринче эрте келип күтүп алат. Кокустан кечигип жатса телефон чалып, кечирим суроосу зарыл.
  11. Оор жүгү бар бардык айымдарга жардам берүү керек. Бирок, буга аялдардын чакан сумкасы, шубасы кирбейт.
  12. Баарлашууда эркектерге колун төшүнө алуу же чөнтөгүнө салууга болбойт. Бул жанындагы адамды сыйлабастыкты түшүндүрөт.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Ирандын президенти Израилди коркутту

Ирандын президенти Эбрахим Раиси өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата кайрылуусунда Израилди Тегеранга каршы багытталган кандайдыр бир аракеттерге “катуу жооп” берерин эскертти. “Өлкөгө (Иранга) каршы жасалган ар кандай иш-аракеттер куралдуу күчтөрдүн катаал реакциясын жаратат. Хайфа менен Тель-Авивди талкалоо менен коштолот”,-деди президент. Мындан тышкары, Ирандын президенти АКШдан Жакынкы Чыгыш аймагынан чыгып кетүүнү […]