Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонд мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлдү

Wp Pw
0 0
Read Time:3 Minute, 15 Second

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик болуп кайра түзүлөт.

 

Бул чара мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин оптималдаштырууга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларын күчөтүүгө багытталган.

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд өз алдынча мамлекеттик ведомство катары 1991-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын министрликтерин жана мамлекеттик комитеттерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө” Жарлыгы менен түзүлгөн. Ведомство 30 жыл иштеген мезгили ичинде бир нече жолу реформалоого, уюштуруу формасынын өзгөрүшүнө кабылган.

 

Азыркы учурда Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттин атынан экономиканын ар кандай секторлорундагы 42 чарбалык коомдо акционер болуп келет. Ошондой эле 88 мамлекеттик ишкана төмөнкү багыттарда иш алып барат: транспорт жана байланыш чөйрөсүндө – 11 мамлекеттик ишкана, байланыш, телекөрсөтүү жана инновациялык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 12 мамлекеттик ишкана, айыл чарба чөйрөсүндө – 24 мамлекеттик ишкана, мамгеология системасында – 2 мамлекеттик ишкана, ар кандай кызматтарды көрсөтүү – 39 мамлекеттик ишкана.

 

Фонд мамлекеттик ишканалардын штаттык ырааттамасын макулдашууга, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду жана тиешелүү жылга бюджеттердин долбоорлорун бекитүүгө, бюджетке которулууга тийиш болгон мамлекеттик ишканалардын таза пайдасынын өлчөмдөрүн бекитүүгө ыйгарым укуктуу. Мамлекеттик ишканалардын ишин мындай борборлоштурулган көзөмөлдөө 2019-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салуу жөнүндө” токтому кабыл алынгандан кийин жүргүзүлө баштаган. Белгиленген токтом кабыл алынганга чейин жогоруда аталган ыйгарым укуктар мамлекеттик мүлк фондунда болгон эмес, ал эми мамлекеттик ишканалар тейлеген министрликтер жана ведомстволор менен түздөн-түз иштешкен, бул мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн себептеринин бири болгон. Бул токтомдун толук кандуу аткарылышы мамлекеттик ишканалардын ишин бир кыйла жакшыртат.

 

Ошону менен бирге, бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын учурдагы жана узак мөөнөттүү артыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттин катышуусу менен ишканаларды башкаруу системасын кайра карап чыгуу, ар бир өзүнчө Коомдун ишинин экономикалык максатка ылайыктуулугун талдоо зарылчылыгы келип чыгууда. Алардын ишин жакшыртуунун алкагындагы негизги милдеттер:

 

– башкаруу органдарына кадрларды тандоо жана көрсөтүү системасынын ачык-айкындыгын жогорулатуу;

 

– Коомдун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн жүйөөлөрүнүн жана жоопкерчиликтеринин системасын күчөтүү;

 

– “көз карандысыз директорлор”институтун практикага киргизүү.

 

Ушуну менен бирге азыркы учурда мамлекеттик мүлктү ижарага берүү чөйрөсүндөгү бардык проблемаларды чечүү талап кылынат. Мисалы, мамлекеттик имараттарда жана жайларда кошумча бош аянттарды табуу боюнча көптөгөн күчтөрдү талап кылган жумуштарды жүргүзүү алдыда турат. Бар болгон коррупциялык тобокелдиктерди жана ижарадан түшүүлөр республикалык бюджетке 100% которуларына жана ижарага бош аянттарды берүүгө мамлекеттик мекемелер кызыкдар эмес экендигин эске алсак, алдыда турган жумуш бир кыйла күчтөрдү жана ресурстарды талап кылаары бышык.

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2023-2025-жылдарга Менчиктештирүүнүн программасын бекитти. Программада мүлктөрдү сатуудан тышкары акциялардын 100% мамлекеттин менчигинде сактап калуу менен мамлекеттик ишканаларды акционердик коомдорго кайра уюштуруу каралган. Белгиленгендер менен бир катар, менчиктештирүүнүн альтернативасы катары ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестициялык ижара, мүлктү ишенимдүү башкаруу механизмдери практика жүзүндө колдонулууда.

 

Жогорудагы бардык далилдерди эске алуу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик) болуп кайра түзүлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын

5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

–.5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

 

“– Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик;”.

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна төмөнкүлөрдү киргизсин:

– эки жумалык мөөнөттө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосунун долбоорун жана башкаруу схемасын;

 

– эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук жана башка актыларына ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

–.бир айлык мөөнөттө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жобосун жана башкаруу схемасын бекитсин;

 

– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;

 

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Зидан кайрадан "Реалды" жетектөөгө келиши мүмкүн

Француз машыктыруучусу Зинедин Зидан  үчүнчү ирет “Реалды” башкара турган болду. Бирок, бул үчүн франсуз адиси клубдун жетекчилигине  белгилүү бир шарттарды койду. “Defensa Central” билдиргендей, Зидан эгерде  клубка кайтып келсе, фитнес боюнча машыктыруучу Грегори Дюпонду өзүнүн машыктыруучу штабында көргүсү келет.  Мындан тышкары  бельгиялык Эден Азарды командада калтырууну каалайт. Эске салсак, Зидан […]