Кыргызстан аркылуу маңзат ташыгандар кармалды

Wp Pw
0 0
Read Time:29 Second

Кыргызстан аркылуу баңгизаттын ири партияларын ташууга адистешкен эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду.  Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын операция ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Кыргызстан менен Казакстандын УКМКларынын ыкчам кызматкерлеринин биргелешкен этаптуу аракеттеринин натыйжасында ишке ашты.

Жыйынтыгында 100 кг ашык героин баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу 1986-жылы туулган Тажикстандын жараны К.О.А. Казакстандын Алматы шаарынын аймагынан кармалды. Ал маңзатты Кыргызстандын аймагынан ташып жүргөн.

Маалыматка караганда, баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң АКШ долларын түзөт.

Учурда баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Орозодо кандай тамактануу керек?

Ооз ачаарда курма менен ооз ачкан пайдалуу. Анткени адамдын ден соолугуна оң таасирин берип, кан басымын 5-10 мүнөттө жайына келтирээри медицинада да аныкталган. Курма болбой калса суу же туз менен менен даам татуу зарыл. Туз кишинин даам татымын (аппетит) ачат, суу болсо аш казанды тазалап, тамактын жакшы сиңишине таасир этет. […]