Жер титирөөдөн Афганистанда 2, Пакистанда 9 адам көз жумду

Wp Pw
0 0
Read Time:27 Second

Афганистандын түндүк-чыгышында, Пакистандын бир катар шаарларында жер титирөөдөн 11 адам көз жумду.
Табигый кырсыктарды башкаруу министрлиги Афганистандын түндүк-чыгышындагы Лагман аймагында 2 адам көз жумуп, 8 киши жарадар экенин, 20 үй кыйраганын кабарлады.
Пакистандын Хайбер-Пахтунхва аймагында үйлөр жана башка имараттар урап, 9 адам көз жумганын, 44 киши жараат алганын Пакистандын табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди.
21-мартта Афганистанда Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусу менен чектешкен Ишкашим шаарынан 50 чакырымдай алыстыкта ​​күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Силкинүүлөр Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сезилди.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Кыргызстанда жана дагы бир нече өлкөдө жер титиреди

Кечээ түнкү саат 22:40 чамасында Кыргызстандын Түштүк аймагында жер титирөө катталды. АКШнын геологиялык кызматы зилзаланын очогу 6.5 балл менен Ооганстанда катталганын билдирип, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда сезилди деп билдирди. Ош шаарынын айрым тургундары бийик имараттардан эшикке качып чыгышты. Жыйынтыгында, Борбор Азия өлкөлөрүндө 5 баллдын тегерегинде жер силкинүү […]