Дүйнөнүн эң мыкты 50 дарбазачысынын рейтинги чыкты

Wp Pw
0 0
Read Time:42 Second

Эл аралык футбол тарыхы жана статистикасы федерациясы (IFFHS) 1987-жылдан берки дүйнөнүн эң мыкты 50 дарбазачысынын тизмесин түздү. Бул тууралуу спорттук уюмдун  сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, италиялык “Парма” футбол клубунун легендарлуу  дарбазачысы  Жанлуиджи Буффон дүйнөнүн эң мыкты дарбазачысы деп табылды. Экинчи орунда “Реалдын” мурдагы дарбазачысы Икер Касильяс, үчүнчүдө “Бавария”  клубунан  Мануэль Нойер турат.

Рейтинг акыркы 35 жыл ичиндеги жылдын мыкты дарбазачыларынын тизмелеринин негизинде түзүлгөн. Упайлар тигил же бул оюнчунун ээлеген ордун эске алуу менен ыйгарылды – биринчи орун үчүн дарбазачы 20 упай, экинчи үчүн – 19 жана ушул сыяктуу уланып кеткен.

 

1987-жылдан бери дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын рейтинги:

 

  1. Джанлуиджи Буффон – 357 упай

 

  1. Икер Касильяс – 260

 

  1. Мануэль Нойер – 219

 

  1. Петр Чех – 218

 

  1. Эдвин ван дер Сар – 201

 

  1. Петр Шмейхель – 179

 

  1. Оливер Кан – 162

 

  1. Тибо Куртуа – 150

 

  1. Хосе Луис Чилаверт – 146

 

  1. Уолтер Зенга – 132

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Муфтият Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Рамазан айындагы фитир-садака берүүнүн өлчөмүн аныктады. Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Муфтият баалардын туруксуздугуна байланыштуу садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына […]