Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин башында Курани Карим турат

Wp Pw
0 0
Read Time:43 Second

Дүйнөдөгү эң көп окулган китептердин  сап башында   ыйык Курани Карим  турат. Бул тууралуу АКШда жайгашкан “Global English Editing” басылмасынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча окурмандардын 66 пайызы басма китептерди колдонушат. Анткени, технологиянын өнүгүшү менен аудиокитептерге жана электрондук китептерге болгон кызыгуу күчөгөнү менен дүйнө жүзү боюнча басма китептерге көбүрөөк артыкчылык берилүүдө.

Дүйнөдө эң көп окулган китептер Курани Керим  жана Библия.

Кытай Эл Республикасынын негиздөөчү лидери Мао Цзэ-дундун билдирүүлөрүнөн түзүлгөн «Төрага Маонун тандалган сөздөрү» да эң популярдуу китептердин тизмесинде үчүнчү орунда турат. Мигель де Сервантестин “Дон Кихот” китеби жана Ж.К.Роулингдин “Гарри Поттер” сериясы да дүйнөдөгү эң көп окулган адабий чыгармалардын катарына кирет.

Дүйнөдөгү башка эң көп окулган китептер Чарльз Диккенстин “Эки шаардын жомогу”,  Д.Р Толкиендин “Шакектердин ээси” трилогиясы, Антуан де Сент-Экзюперинин “Кичинекей ханзаада”, Льюис Кэрроллдун “Алиса кереметтер өлкөсүндө” жана Агата Кристинин  «10 кичинекей негр» чыгармалары келтирилген.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Кыргызстандык дзюдочулдар эл аралык мелдеште үч медаль жеңди

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөлөрү Кувейт өлкөсүндө өткөн “Asian Open” эл аралык мелдешинде үч медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 90 кг салмак категориясында Анарбек Ишенбаев алтын медалга, 66 кг салмакта Эрбол Абасбеков күмүш медалга жана 100 кг жогорку салмактагылар арасында Сыймык Жапаров […]