Грецияда жетекчи эки поездди бир жөнөткөнүн мойнуна алды

Wp Pw
0 0
Read Time:30 Second

Грекиянын Лариса шаарынын жанында жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддер кагышкан станциянын жетекчиси эки поездди жаңылып бир убакытта жөнөткөнүн мойнуна алды.  Аталган станциянын жетекчиси кызматка бир ай мурла келген.  Ал камакка алынып, тергөө иштери башталды.

1-мартка караган түнү Лариса шаарына жакын жерде жүргүнчүлөрдү ташыган поезд жүк ташуучу поезд менен бир жол менен жөнөтүлгөндүктөн, поезддер бетме-бет кагылышкан.

Афинадан Салоникиге бараткан жүргүнчү поездде 352 адам, Катериниден келген жүк поездинде эки адам болгон.  Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 40тан ашык  адам көз жумду. Жабыркагандар 130га жакын, анын ичинен 72си саламаттыкты сактоо мекемелеринде.

Грециядагы бул темир жол кырсыгын өлкөнүн тарыхындагы эң ири кырсык деп аташты.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Харуки Муракаминин  жаңы романы чыгат

Жапон жазуучусу Харуки Мураками акыркы алты жылдан кийин  жаңы романын жарыкка чыгарат. Ал автордун өз өлкөсүндө 13-апрелден тарта сатыкка чыгат.  Басмакананын маалыматына караганда китеп  «Шаар жана анын ишенимсиз дубалдары» деп аталат. Окуянын чоо-жайы азырынча ачыктала элек. Белгилүү болгондой, романдын көлөмү 1200 бетти түзөт. Китеп бир эле учурда басма жана электрондук […]