Бишкектен Москвага кошумча авиакаттам ачылды

Wp Pw
0 0
Read Time:20 Second

Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз каттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-апрелде Бишкекке «Аэро Номад» авиакомпаниясынын биринчи туруктуу каттамы учуп келген (Бишкек–Москва–Бишкек).

Авиакаттамдар Airbus 320 учагы менен жумасына эки жолу — шаршемби жана жума күндөрү Внуково аэропортуна аткарылат.

Авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттарга туруктуу жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Бүгүн, 2-майда бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат. Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жарандар электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.   Эскерте кетсек, декларациянын төмөнкүлөр тапшырышы керек:   – жеке […]